Варшавада тажикстандык мигранттардын мушташы боюнча тергөө жүрүп жатат
Варшава шаарынын полициясы тажикстандык мигранттар ортосундагы мушташты иликтеп жатат. Польшанын маалымат каражаттары билдиргендей, окуя 28-февралга караган түнү Варшаванын Воля районундагы май куюучу жайдын артында болгон.
Маалыматка караганда, тажикстандык мигранттардын тобу мекендешин союл менен токмоктоп коюшкан. Андан тышкары Lexus үлгүсүндөгү автоунаанын да айнектерин талкалап, полиция келгиче качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Маалымат каражаттары билдиргендей, сабалган 36 жаштагы тажикстандык жаран башынан оор жаракат алган.