Израил Тегерандагы жашыруун өзөктүк борборго сокку урганын билдирди
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Тегерандан алыс эмес жайгашкан "Минзадехей" жашыруун өзөктүк комплексине сокку урганын маалымдады. ЦАХАЛдын басма сөз кызматы кабарлашынча, жер алдындагы борбордо ирандык окумуштуулар өзөктүк куралдын негизги бөлүктөрүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатышкан.
Иран, АКШ жана БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) бул маалыматка комментарий бере элек.
ЦАХАЛ ошондой эле израил авиациясы Ирандын дрон учуруучу 300дөй түзүлүшүн иштен чыгарганын билдирди. Бул Иран...