Ирандын Бишкектеги элчилигинин алдында соккуларда каза тапкандарды эскерген митинг уюштурулду
3-март күнү Бишкектеги Ирандын элчилигинин алдында АКШ жана Израилдин операциясы учурунда аткылоодон мерт кеткендерди эскерүү жана Иран элине көңүл айткан митинг өттү.
Элчиликтен маалымдашкандай, эскерүүнүн уюштуруучулары Иран элине тилектештигин билдиришти. Ошондой эле мектепке чабуулда өмүрү кыйылган окуучу кыздардын жакындарына кайрат айтышты.
Иш-чарага ондогон киши - айрым кыргызстандыктар, Бишкекте жашаган ирандыктар жана журналисттер катышты.
Элчиликтин кашаасына согушту айыптаган жана Иран элине көңүл айткан жазуулар...