Трамп Иран сүйлөшүүнү сунуштаганын билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп Иран сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаганын, бирок ал «өтө кеч» деп жооп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 3-мартта Truth social социалдык тармагына жазды.
«Алардын абадан коргонуу күчтөрү, аскердик аба күчтөрү, деңиз күчтөрү жана жетекчилиги жок болду. Эми сүйлөшкүлөрү келип жатат. Мен “Өтө кеч!” дедим», — деп жазды.
Ал Иран өкүлдөрү сүйлөшүүнү качан сунуштаганын тактаган жок.
Трамп 2-мартта The Atlantic басылмасына берген интервьюсунда Ирандын жаңы бийликтери сүйлөшүү ниетин билдирип...