Депутат Мавлянова ЕАЭБ алкагында парламент түзүү зарылдыгы тууралуу айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичинде кыргызстандык ишкерлердин укугу корголбой калып жатканын, мындан улам уюмдун алкагында парламент түзүү муктаждыгы бышып жетилгенин белгиледи. Бул маселени ал 2-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү.
Депутат Евразия экономикалык комиссиясынын түзүмүндө Кыргызстандын квотасы менен барган кызматкерлердин жоопкерчилиги тууралуу да сөз кылды.