Абактагы акын Аскат Жетиген кыйноого кабылганын маалымдады
№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдирүүдө. Бул тууралуу ал өзүнүн адвокаты Нурбек Токтакуновго жазган катында маалымдап, укугу бузулуп жатканын коомчулукка жеткирүүсүн жана өзүн коргоону суранган.
Адвокат Нурбек Токтакуновдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Аскат Жетигендин каты ага 2-мартта тийген. Жактоочу акындын катын "Азаттык" менен бөлүштү.
Катта Аскат Жетиген №27 түрмөнүн жетекчилиги аны айып изоляторуна (ШИЗО) жапканын...