ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Сауд Арабиясындагы, Бириккен Араб Эмирликтериндеги, Омандагы кыргыз жарандарын учак менен алып келүүнү уюштурууну сүйлөшүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы 3-мартта билдиргендей, бул боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берген.
“Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону...