4-марттын аба ырайы: жаан, кар жаайт
3-5-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
4-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.