Казакстан Ирандагы жарандарын Азербайжан, Түркмөнстан жана Армения аркылуу эвакуациялайт
Казакстан Ирандагы жарандарын Азербайжан, Түркмөнстан жана Армения аркылуу эвакуациялоо тууралуу аталган өлкөлөрдүн бийликтери менен макулдашканын билдирди.
Казак жарандарын Иран–Армения чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүү маселеси Ереван менен макулдашылган. Азербайжан да эвакуация маселесинде көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Түркмөнстан да казак жарандарын мамлекеттик чек арадан өткөрүүгө көмөктөшөрүн ырастаган.
Буга чейин министрлик дипломатиялык өкүлчүлүктөр туристтик компаниялар менен...