Кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иштери кайра башталды
2-март күнү Баткен районунун Ууч жерлигинде чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин катышуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тосуу иштери кайра башталды.
Тосмолоо иштерин жүргүзүүгө Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскерлери тартылган.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы керектүү жабдыктар толук даяр экенин билдирди.
2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта жүргүзүлгөн.