Американын Эр-Рияддагы элчилиги дрон чабуулуна кабылды
3-мартка караган түнү, болжол менен Иранга таандык эки дрон менен Америка Кошмо Штаттарынын Эр-Рияд шаарындагы элчилигинин имаратына чабуул болду.
Бул маалыматты Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги X социалдык тармагы аркылуу ырастап, чабуулдан улам өрт чыкканын, имаратка материалдык зыян келтирилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, окуя маалында имаратта киши болгон эмес.
Кошмо Штаттар менен Израилдин Иранга каршы операциясы башталганына төрт күн болду. Иран жооп иретинде аймактагы АКШ аскер базалары жайгашкан коңшу мамлекеттерге сокку урууда.