Махабат Тажибек кызынын бүгүнкүгө белгиленген соту болгон жок
Журналист, Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын иши боюнча Жогорку сотто бүгүн, 3-мартка белгиленген отуруму 5-мартка жылды.
Буга соттук коллегия мүчөлөрүнүн бири сыркоолоп калганы себеп болгонун журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева "Азаттыкка" билдирди.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин...