Израил Ливандагы "Хезболлага" тиешелүү жайларга сокку урганын билдирди, 30тан көп киши набыт болду
Израилдин армиясы Ливандагы «Хезболла» тобуна тиешелүү жайларга сокку урганын билдирди.
"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.
Армиянын маалыматына караганда, бул соккулар аталган топтун чабуулдарына жооп ирээтинде жасалды.
Израил армиясынын Түндүк аскер округунун командачысы, генерал-майор Рафи Мило билдиргендей, Ливандын түштүгүнө жана...