МИК "Азаттыктын" каарманы курьер келинге батир тапшырды
Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” 1-мартта мекемеден билдиришти.
Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жаткан. Көз жаргандан төрт күн өткөндөн кийин эле жумушка чыгып, тигүү цехинен иш тапканын айтып берген.