Орусияда таанымал ишкер Жабраилов өз өмүрүн кыйганы кабарланды
Чеченстандан Федерация кеңешинин мурдагы мүчөсү Умар Жабраиловнын сөөгү Москвадагы мейманканада табылды. Ал өз өмүрүн кыйганын орусиялык маалымат каражаттары жана Telegram каналдар өз булактарына таянып жазышты.
Mash басылмасынын маалыматына ылайык, Жабраиловдун жанынан тапанча табылган. Telegram каналдын билдиришинче, ал оор абалда ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
2020-жылы дагы Жабраилов өз жанын кыюуга аракет кылган.
Жабраилов 2000-жылы президенттикке ат салышып...