Иран: АКШ менен Израил сокку урду, Тегеран жооп кайтарууда
АКШнын президенти Дональд Трамп атайын билдирүү жасап, Иранга каршы операция башталганын билдирди. Мунун алдында Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иранга өлкөгө болгон коркунучту алдын алуу үчүн озунуп сокку урулганын билдирген. Ирандагы IRNA маалымат агенттиги Тегерандын борборунда жарылуулар болуп, коюу түтүн каптап жатканын маалымдады.