Муфтият умрага барган ар бир жарандан комиссия алынып, имамдардын маянасына кошуларын билдирди
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра сапарына барган ар бир жарандын төлөмүнөн 9% комиссия кармала баштаганын билдирди.
Бул тууралуу муфтий Абдулазиз Закиров 27-февралда жарыялаган кайрылуусунда айтылат. Мындай чара имамдардын маянасын туруктуу берип туруу үчүн кабыл алынганы белгиленген.
“Бул үчүн тиешелүү органдардан уруксат алынган, мыйзамга шайкеш келтирилген. Умра зыяратына аттанган жарандардан алынуучу каражат түздөн түз имамдардын айлыгына которулат. Ушул берекелүү Рамазан айынан...