"Ирандыктардын жанына баткан башкаруу". Хаменеи ким болгон, эмнеси менен эсте калды?
Өлкөнү дээрлик кырк жыл бою башкарган жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи 28-февралда 86 жашында АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынан каза тапты.
Рахбардын өлүмүАКШнын президенти Дональд Трамп ишемби күнү кечинде Хаменеинин каза болгонун жарыялады: "Дүйнөдөгү эң карөзгөй адамдардын бири мерт болду. Бул Ирандын эли үчүн гана эмес, Хаменеи жана анын канкор корбашылары өлтүргөн, майып кылган мыкты америкалыктар, дагы далай өлкөлөрдүн жарандары үчүн адилеттик", - деп жазды АКШ президенти Truth Social соцтармагындагы постунда.