Иранга каршы чабуулдарда АКШнын үч аскери набыт болду
Иранга каршы "Эпикалык каардануу" операциясында үч аскери набыт болуп, дагы бешөө жараат алганын АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы билдирди. Жеңил жараат алган бир нече аскер операцияга кайра кошулуу алдындагы медициналык кароодон өтүп жатат.
Ирандын IRIB маалымат агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракеттенген мунай танкери чөгүп баратканын кабарлады. Skylight деп аталган танкер Палаунун желеги астында Ирактын Басра шаарындагы порттон Оманды көздөй баратып, бул өлкөнүн жээгине жакын жерде чөгө баштаган.