Иран Израилге, Перс булуңундагы өлкөлөргө кайра сокку урду. Израил Иранды бомбалап жатат
Иран АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулдарына жооп иретинде Американын Перс булуңундагы жана Ирактын Күрдстан аймагындагы америкалык базаларга, Израилдин шаарларына соккуларын 1-мартта улантты.
28-февралда Тегеранга америка-израил биргелешкен чабуулунда Ирандын жогорку руханий лидери, консервативдүү революционер жана катаал башкаруучу катары таанылган аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөн.
Ирандын Ислам сакчылар корпусу билдиргендей, америкалык 27 база, Израилдин Тель-Ноф аба базасы, Тель-Авивде Израилдин армиясынын штаб-үйү...