Иранда мамлекеттик ЖМК Жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн ырастады
Иранда жекшемби күнү таңга маал мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) өлкөнүн Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.
Мунун алдында, 28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social соцтармагы аркылуу Хаменеи америка-израил биргелешкен операциясы маалында жок кылынганын маалымдаган. Ошондой эле муну “адилеттиктик” катары сыпаттаган.
"Дүйнөдөгү эң карөзгөй адамдардын бири мерт болду. Бул Ирандын эли үчүн гана эмес, Хаменеи жана анын канкор корбашылары өлтүргөн...