MUHAMET MALO-2026: Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова күмүш алды
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Албаниянын Тирана шаарындагы MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик мелдешинде жеңүүчү болуп, алтын медал тагынды.
Ал 28-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдезди менен күрөшүп, аны 5:4 эсебинде жеңип алды. Медет кызы финалга чейин үч атаандашын ири эсеп менен уткан. Алгач 1/8 финалда казакстандык атаандашы Гүлмарал Еркебаеваны 12:2, чейрек финалда болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0...