Ош шаарындагы “Келечек” базарын көчүрүү башталды
Ош шаарынын мэриясы бүгүн, 1-марттан тартып “Келечек” базарын көчүрүү башталганын билдирди.
Муну алдында, 28-февралда кечинде аталган базарда иштеген ондогон адам нааразы болуп, базарга кирген жолдорду жабууга тоскоолдук кылууга аракет кылышкан. Анда жаңы соода жайы толук бүтө элек экенин айтып, базарды көчүрүүнү кийинкиге калтырууну талап кылышкан.
Буга чейин “Келечекте” соода кылгандар Жанарбек Акаев жаңы мэр болуп дайындалганда ага жолуккан жана шаар башчысы базарды көчүрүү планы өзгөрбөй турганын, 1-марттан башталарын айткан.