Нетаньяху Иранга каршы биргелешкен операция үчүн Трампка ыраазычылык билдирди
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху соңку окуяларга байланыштуу элине кайрылуу жасады.
Ал Иранга каршы чогуу операция баштаганы үчүн АКШнын президенти Дональд Трампка “тарыхый лидерлиги” үчүн ыраазычылык билдирди.
“Бир нече убакыт мурда Израил менен Кошмо Штаттары Ирандагы террордук режим жараткан коркунучту болтурбоо үчүн операция баштады. Акыркы 47 жылдан бери аятолланын режими “Израилге өлүм”, “Америкага өлүм” деген чакырыктарды жасап келди. Ал биздин каныбызды төктү, көптөгөн америкалыктарды өлтүрдү, өзүнүн элин азапка салды.