ТИМ АКШда кармалган кыргыз жаранынын иши көзөмөлдө экенин билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда кармалган кыргыз жараны тууралуу билдирүү таратты.
Анда А.М. аттуу жаран учурда АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (U.S. Immigration and Customs Enforcement, ICE) Аризона штатындагы “Eloy Detention Center” иммиграциялык убактылуу кармоо борборунда кармалып турганын билдирди.
“Чикаго шаарындагы Башкы консулдук бул маселени АКШнын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу иштеп чыгууда жана кырдаалды туруктуу көзөмөлдө кармап турат”,-деп жазылган ТИМ тараткан билдирүүдө.