Израил Ирандан озунуп бул өлкөгө сокку урганын билдирди
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иранга өлкөгө болгон коркунучту алдын алуу үчүн озунуп сокку урулганын билдирди.
New York Times басылмасы жана Reuters агенттиги өз булактарына таянып операцияга АКШ дагы катышып жатканын жазды. Кийинчерээк бул маалыматты Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп дагы ырастады.
“Израил мамлекети үчүн жаралган коркунучту болтурбоо үчүн Иранга сокку урулду”,-деп билдирди Кац.
Reuters агенттигинин Израилдин Коргоо министрлигиндеги булагы бул операция АКШ менен макулдашылганын...