УКМК: Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш иши алкагында беш киши кармалды
УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында жалпы беш адам камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына жана шаардын тергөө абагына (СИЗО-1) камалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы 27-февралда кабарлады.
Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогон.
Маалыматка ылайык, бул иш боюнча УКМК ички иликтөө жүргүзүп, алты адам атайын кызмат системасынан кетирилди...