Өкмөт былтыр ИДП өсүү темпи 11% жеткенин билдирди
Акыркы төрт жылда Кыргызстандын жылдык орточо экономикалык өсүү темпи 10% деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-февралда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Ал 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жасаган баяндамасында учурдагы көрсөткүчтөр мурдагы болжолдоодон кыйла ашып кеткенин айтты:
"Өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасына ылайык, биздин жылдык орточо экономикалык өсүш 5% деңгээлинде каралган.