Орусияда Telegram апрелден тартып бөгөттөлгөнү жатат
Орусия бийлиги Telegram мессенжерин 1-апрелден тартып бөгөттөөнү көздөп жатканын РБК агенттиги булактарына шилтеме кылып билдирди. Басылманын Кремлге жакын булактары бул акыркы чечим экенин айтышкан.
"Бөгөттөө себептеринин бири катары алар акыркы убактарда элди, анын ичинде жашы жете электерди да мыйзамсыз иштерге тартуу көбөйгөнүн айтууда", – деп жазды РБК.
Роскомнадзор маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
"Бул суроо боюнча мурда чыккан маалыматтарга кошумча жок", - деп билдирди мекеме.