Алты жашар кыздын сан сөөгү сынган окуядагы машыктыруучу эркиндикке чыгарылды
Көркөм гимнастика боюнча машыктыруучунун иши боюнча тараптар элдешип, 26-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Аскарова Назмини боштондукка чыгарды.
Өткөн жылы 24-декабрда көркөм гимнастика боюнча ийрим маалында Назми Аскарова алты жашар кыздын бутун чоюп жатып, сан сөөгүн сындырып алган. Сынган сөөк жылышып кетип, аны калыбына келтирүү үчүн эки жолу операция жасалган.
«Балам бүгүнкү күнгө чейин гипс менен төшөктө жатат. Такыр кыймылдабайт. Ал аябай кыйналып жатат. Күн сайын кыйналып ыйлайт.