Улуттук банк 162 млн долларлык интервенция жүргүздү
Кыргызстандын Улуттук банкы 27-февралда базарга 162,56 млн доллар чыгарды.
Өлкөнүн негизги банкы ушуну менен жыл башынан бери үчүнчү ирет интервенция жасады. Буга чейин 6-февралда 109,95 млн доллар сатылган. Андан мурда 19-январда 134 миллион 50 миң доллар саткан.
2025-жылы өлкөнүн башкы каржылык-банктык тескөөчүсү базарга жалпысынан 853 млн доллар чыгарган. Башка валюта сатылган эмес.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция...