Казакстанда кафедеги жарылуудан кеминде жети киши мерт болду
27-февралга караган түндө Казакстанда Акмоло облусунун Щучинск шаарында беш кабаттуу үйгө жанаша салынган кафеде жарылуу болду. 27-февралдын таңына карай алынган маалыматка ылайык, жарылуудан жети адам мерт болуп, 20дан ашууну жаракат алды.
Казакстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "газ-аба аралашмасынын жарылуусунан кийин өрт чыккан" деп билдирди:
"Өрт өчүрүүчүлөр өрттөнүп жаткан кафеден сегиз газ баллон алып чыгып, ондон ашуун адамды сактап калышты. Баштапкы маалымат боюнча өрттүн кесепетинен жыйырма чакты адам жаракат алды...