Акыйкатчы кош бойлуу өспүрүм боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда турмуштук оор кырдаалда калган кош бойлуу 16 жаштагы өспүрүм кыздын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Ошондой эле анын апасы, өзүнө өрт коюп каза тапканы айтылып жаткан аялдын - төрт баланын энесинин өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Мекеменин маалыматына караганда, Жаманбаева укук коргоо органдарын бул ишти тыкыр иликтеп, калыс укуктук баа берүүгө чакырды.
Омбудсмен мындан тышкары маркум келиндин артында калган балдарынын укугун коргоо жана...