Депутат Ажибаев өзү тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканын билдирди
Депутат Чыңгыз Ажибаев өзү тууралуу туура эмес маалыматттар тарап, каралоо жүрүп жатканын 26-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал биринчи вице-спикерлик кызматты өз каалоосу менен тапшырганын, депутат катары ишмердигин уланта берерин билдирген.
“Менин айланамда кимдер ушак таратып, каралоолорду уюштуруп жатканы бүгүн дагы бир жолу ачыкка чыкты. 2-3 адам жана 4-5 фейк аркылуу каралоо компаниясын уюштуруп, анысын эң бийик трибунага алып чыккандарга да Кудай бар. Алар 5 жыл мурдагы шайлоодо колдонгон жомокторун кайра токуп...