АКШга F, M категориясындагы виза менен баруучу студенттер күрөө төлөбөйт
Америка кошмо штаттарына F же M категориясындагы виза менен баруучу студенттер виза алуу үчүн күрөө төлөбөйт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, виза алуу үчүн күрөө төлөө талабы B1/B2 категориясындагы ишкерлик жана туристтик виза алууга өтүнүч бергендерге коюлат.
Мурдараак Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШга виза алууда эч кандай алдын ала төлөмдөр жана виза алууга кепилдик жоктугун маалымдаган. Виза үчүн төлөмдөр Бишкектеги элчиликтин расмий шилтемеси аркылуу гана төлөнөрү айтылган.