ИИМ метамфетамин маңзатын ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаганын билдирди
Метамфетамин деп аталган синтетикалык баңгизатын ташуучу каналдын жана трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишин токтотууга багытталган атайын операция жүргүзүшкөн.