Ысык-Көлдө 41 жаштагы аял өзүнө өрт коюп набыт болду
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында 41 жаштагы аял өзүнө өрт коюп набыт болгонун облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Милициянын маалыматына караганда, 25-февраль күнү Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) Ак-Суу айылынын тургуну - 2009-жылы туулган жашы жете элек кыз 16 жумалык кош бойлуу экени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин алкагында тергөө кызматы 17 жаштагы кызды суракка алган. Суракка катышуудан анын апасы - 41 жаштагы М.А. баш тартып...