Автоунааны "Унаа" аркылуу каттоо токтойт
1-апрелден тартып кыргызстандыктар автоунаасын "Унаа" мамлекеттик ишканасына келип каттатпайт. Бардык кызмат "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 26-февралда Ош шаарындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборуна барганда билдирди.
Президенттин иш башкармалыгы маалымдагандай, Туманбаев Ош шаарындагы борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Туманбаев автоунааларды онлайн каттоо элди кезекте тургузуп кыйнабай...