Кыргызстанда турак жайлардын 27,5% камсыздандырылган
Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5% камсыздандырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.
Өлкө боюнча жалпы 1 миллион 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган.
2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 миллион сом төлөп берген. 2025-жылы 247 окуя катталып, ага 32 миллион сом каралган.
Шаардагы үйлөр кырсыкка учураганда...