Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовдун ишин кайра кароо үчүн райондук сотко кайтарды
Бишкек шаардык соту 26-февралда абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апелляциялык арызын карап, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотко кайтарды. Отурумда Ташовдун жактоочулары ишти биринчи инстанцияга кайтарып, башынан кароо өтүнүчүн беришкен.
Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.
Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. Жактоочу иш...