Депутат Мамытов “75чилердин кайрылуусу” ЖКга киргизилип, каралбай калганын айтты
Жогорку Кеңештеги “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун лидери, депутат Талант Мамытов президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу парламентке түшүп, ал тармактык комитетке чейин жеткенин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Кыргызстандын 75 жараны кайрылган. Анын ичинен көпчүлүгү аксакалдар. Бул парламентке келген (ред: кайрылуу) жана тиешелүү комитетке чейин жетип, кароо алдында турган. Албетте, анын жыйынтыгы кандай болмок бизге белгисиз.