26-февралдын аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт
26-28-февраль күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолу жолдордо, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
26-февралда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.