Эгемен Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин 70 жылдыгы белгиленди
Эгемен Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри, көрүнүктүү дипломаты, мамлекеттик жана коомдук ишмери Муратбек Иманалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында өттү.
"Муратбек Иманалиев: кесиптик жолу жана ШКУнун өнүгүшүнө кошкон салымы" деп аталган "тегерек үстөл" талкуусуна ардагер дипломат өзү, Тышкы иштер министрлигинин жана Дипломатиялык академиянын жетекчилиги, дипломатиялык корпустун башчылары, Муратбек Иманалиевдин жакындары...