Сот Талас Бегалиевдин ишин карап, абактан бошотту
Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиевдин иши боюнча чечим чыгарып, абактан бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Чечимге ылайык, Бегалиев Кылмыш-жаза кодексинин 2021-жылдагы редакциясынын 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо), 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо), жана 262-беренеси (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) менен күнөөсүз деп табылып, акталды.