Telegraph: Орусиянын чалгын кызматы Европадагы аскер базаларынын жанынан мүлк сатып алган
Орусиянын чалгын кызматтары Батыш өлкөлөрүндөгү жайкы үйлөрдү, дачаларды, кампаларды, ташталган мектептерди, батирлерди жана ал тургай аралдарды координацияланган байкоо, диверсия жана жашыруун чабуулдар үчүн колдонуу ниетинде сатып алып жатканын британиялык The Telegraph гезити үч европалык учурдагы жана мурдагы контрчалгындоо офицерлерине шилтеме кылып жазды.
Диверсия жана тыңчылык үчүн алынган кыймылсыз мүлк Улуу Британия, Швеция, Норвегия, Финляндия, Италия, Греция, Франция жана Швейцарияда аныкталган.