Жогорку Кеңештеги эки тармактык комитеттин төрагалары кызматын тапшырды
Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагалыгын тапшыруу жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу парламент төрагасы Марлен Маматалиев 25-февралдагы жыйында билдирди.
Мындан тышкары Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гүлсүнкан Жунушалиева да арыз жазганы белгилүү болду.
“Бүгүнкү күн тартибине жаңы жетекчилерди кароо боюнча да маселелерди карап койсок.