"Ата Журт" депутаттык тобунун аталышы "Эл үмүтү - Ата Журт" болуп өзгөрдү
Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” депутаттык тобунун аталышы “Эл үмүтү Ата Журт” болуп өзгөрдү. Бул тууралуу топтун төрагасы, депутат Дастанбек Жумабеков парламенттин 25-февралдагы отурумунда билдирди.
Топко жаңы мандат алган депутат Таалайбек Сарыбашев кошулганын жарыялады.
“Эл үмүтү Ата Журт” тобунун курамында 18 депутат – Нурлан Азыгалиев, Куванычбек Конгантиев, Камила Талиева, Дастанбек Жумабеков, Жылдыз Садырбаева, Улан Бакасов, Алишер Козуев, Медербек Алиев, Гүлнара Баатырова, Салтанат Аманова, Дастан Бекешев...