Депутат Бекешев мектеп формасы боюнча талапты жөнөкөйлөтүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев учурда Кыргызстанда окуучулардан талап кылынган мектеп формасы ыңгайсыз экенин айтып чыкты. Эл өкүлү 25-февралда парламент жыйынында айткандай, ага бир катар аймактан окуучулар кайрылып, мектеп кийими боюнча даттанган.
“Кышта, калың кар жааганда баса албайсың. Ысыкта да окуучуларыбыз кыйналат. Кайрылуунун көбү Бишкектен эмес, аймактардан келип жатат. Мен мектеп формасын жокко чыгарууну сунуштабайм. Андай укук берилсе, алар эски-уску кийим же башка кийим менен бара баштайт.