Миграциядан келгендерди үйлөнүү алдында медициналык кароодон өткөрүү сунушу айтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова чет өлкөлөрдө миграцияда жүрүп, Кыргызстанга келип үйлөнүүнү каалаган жарандарды медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирүү зарыл деп эсептейт. Депутат бул сунушун парламенттин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин 24-февралдагы отурумунда айтты.
"Мисалы, Москвада жүрүп, түрдүү ооруларды, анын ичинде ВИЧ жуктуруп алып, бул жакка келип үйлөнүшөт. Бирок оорусу тууралуу колуктусуна айтпайт. Ата-энелери билсе да айтышпайт.