ТИМ АКШга виза алууда шылуундарга алданып калбоону эскертти
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШга туристтик жана ишкердик виза (B-1/B-2 категориялары) алуудагы каржылык күрөө талабы боюнча кошумча маалымат таратты.
Министрлик акыркы убактарда үчүнчү жактар Кыргызстандын жарандарына АКШга туристтик жана ишкердик визаларды тариздөөгө көмөк көрсөтүүнү сунуштаган учурлар көбөйгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, мындай сунуш ээлери виза алуу кепилдигин да берип келишет.
ТИМ каржылык кепилдикти төлөө консулдук маектешүүдөн өткөндөн кийин гана, АКШнын...